КСДПдан чыгарылган Иса Өмүркулов экинчи КСДПнын катардагы мүчөсү бойдон калат

10:39, 19 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов альтернативдүү КСДПнын катардагы мүчөсү. Бул тууралуу ал 24-kg.com агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Сагынбек Абдырахмановдун партиясында катардагы мүчө.

Белгилей кетсек, Юстиция министрлиги 1993-жылы расмий катталган КСДПнын жетекчиси катары Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдырахмановду жазды.

Иса Өмүркуловду Алмазбек Атамбаев партиядан чыгарган.