Чүйдө сууга чөгүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды

14:26, 19 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com

Чүйдө сууга чөгүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Бала Бирлик жана Гроздь айылдарынын ортосунан табылган. Ал сууга түшкөн жеринен 12 чакырым агып

кеткен.

Кырсык 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Ат-Башы каналында болгон. Беш жашар Барсбек ойноп жүрүп, сууга түшүп кеткен.

Издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.