Ысык-Көлдө уран казып алууга каршы митинг өтөт

16:49, 19 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com

22-апрелде Ысык-Көлдө уран казып алууга каршы митинг өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү активисттер билдиришти.

Алар элди Бөкөнбаев айылынын акимчилигинин алдына саат 13.00гө чакырууда.

Белгилей кетсек, Кызыл-Омпол айылындагы уран кенин чалгындоо иштерин канадалык компания жүргүздү. Эми алар казууга киришмекчи. Буга чейин Балыкчы шаарында жергиликтүү бийлик менен элдин уран кени боюнча сүйлөшүүсү өткөн.