Жаш жубайлар үйлөнүү үлпөт тойдун ордуна бак отургузууну чечишкен

08:56, 23 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com

Жаш жубайлар Залкар менен Айжамал Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги кесилиш аймакка 30 кайың отургузушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Фото

Маалыматка ылайык, жаш жубайлар үйлөнүү үлпөт тойдун ордуна аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек таратып, бак отургузууну чечишкен.

«Алгач жаш жубайлар балдарды ээрчитип дүкөндөрдү кыдырышты, балдар өздөрү каалаган буюмдарын сатып алып беришти. Андан кийин Абдрахманов менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишине бак отургузушту», -деп айтылат маалыматта.