11:31, 23 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com
Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумунда бир катар аткаминерлер уктап олтурган сүрөтү таркатылууда.
Сүрөттөр өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев уктап олтурушат.
Бул жыйында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптешүү боюнча маалымат берип, алдыдагы пландарды белгилеген. Айрымдар сүрөттөр жыйын башталганча тартылганын жазышууда.