14:07, 24 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com
Нурсултан Назарбаев отставкасын үч жыл пландаган. Бул тууралуу ал «Нур Отан» партиясынын кезектеги сьездинде билдирди.
Казакстандын мурдакы президенти сьезде Касым-Жоомарт Токоевдин талапкерлигин колдоого чакырды.
Съезддин соңунда Нурсултан Назарбаевдин ыры "Менин өлкөм" ырдалып жаткан кезде элбасынын көзү жашып кетти. Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.