УКМКнын кызматкерлери менен кафенин күзөтчүлөрү согушуп кетишти

16:23, 26 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери кафенин күзөтчүлөрү менен согушуп кетишти. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Окуя бүгүн түнү болгон.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, бычактан күзөт кызматкери жаракат алган. Бирок, жабырлануучу ооруканага жаткырылганбы же жокпу белгисиз», -деп билдиришти органдан.

Башкы прокуратура окуя Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын билдирди.