09:30, 08 мая 2019, Бишкек - 24-kg.com
«Достук» менен «Сары-Өзөн» командаларынын оюнунда мушташ болду.
Оюн кечээ күнү Чолпон-Ата шаарында өткөн. Анда «Достуктун» оюнчусу Манас Ниязов менен «Сары Өзөндүн» улакчысы Нурбек Юсупов аттарынан түшүп мушташа кетти. «Достук» 10-4 менен утушка ээ болду. Оюн соңунда эки улакчы элдешкен.
«Достук» финалда Таластын «Ынтымак» командасы менен беттешет.