20:21
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көл облусундагы 4 пансионатты берген жок

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көл облусундагы 4 пансионатты берген жок. Маалыматты 24-kg.com агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон тастыкташты.

Маалыматка ылайык, «Алтын кум», «Рохат НБУ», «Дилором» жана «Бостон» пансионаттары биздин республиканын менчигинде жайгашкан. Аларды «Мүлк» мекемеси башкарат.

Эске салсак, 2016-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевдин чечими менен 4 пансионат биздин өлкөнүн юрисдикциясына өткөн. Өзбекстан арбитраждык сотко берген.

Азырынча иш боюнча акыркы чечим чыга элек. Ал кароодо турат.

Эң көп окулган жаңылыктар