Бишкекте суу түтүгү жарылып айрым көчөлөрдү суу каптады. Маалыматты 24-kg.com агенттигине «Бишкексууканал» ишканасы тастыктады.
Маалыматка ылайык, суу Жибек Жолу проспектисин жана Жумабек менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишин каптаган. «Бишкексууканалдан» билдиришкендей, учурда авариялык бригада окуя болгон жерге жөнөп кетти.