Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 85 жылдык мааракеси белгиленет

09:36, 15 мая 2019, Бишкек - 24-kg.com

Быйыл Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 85 жылдык мааракесине карата 16-18-май күндөрү Бишкекте бир катар иш-чаралар болот. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул күндөр аралыгында салтанаттуу кече, «Санариптешкен доордогу китептин орду» конференциясы, республиканын китепканачыларынын ХI форуму өтөт. Ошондой эле ТҮРКСОЙ уюму жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен азербайжан элинин улуу акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Улуттук китепкана 1934-жылы Кыргыз АССР чечими менен ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн.