11:56, 15 мая 2019, Бишкек - 24-kg.com
Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку башчысы Динара Сагынбаева камакка алынды. Бул маалыматты ИИМ 24-kg.com агенттигине тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ мурунку министр суракка алынган. Андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши ушул жылдын январында жаңыланган. Ал боюнча ууруга рак дартын койгон дарыгерлер жана лаборанттар сурак берүүдө.