06:42
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Бишкекте ымыркайлардын жарышы өтөт

Бишкекте ымыркайлардын жарышы өтөт. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарышка 7-10 айлык наристелер катыша алат.

«Балдар үч мүнөттүн ичинде 10 метрлик аралыкты жөрмөлөп өтүшү керек. Мында ата-энелерге наристелерин алаксытып, чакырып турууга уруксат берилет», -дешет уюштуруучулар.

Иш-чара 18-майда саат 16.00дө Bishkek Park соода борборунда өтөт. Жеңүүчүлөргө ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылат.