10:50, 17 мая 2019, Бишкек - 24-kg.com
Эркиндик бульварында жыгачтан жасалган скульптура жоголуп кетти. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.
Бишкек жашылдандыруу чарбасынан билдиришкендей, скульптура уурдалган жок, болгону аны реставрацияга алып кетишти. Оңдоо иштеринен соң кайра ордуна орнотушат.
«Мындан тышкары биздин усталар жыгачтан дагы 3 скульптура жасашты. Анын бири Эркиндик бульварына орнотулат», -деп билдиришти аталаган мекемеден.