14:25, 17 мая 2019, Бишкек - 24-kg.com
Ошто каналдагы сууга 8 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Ош ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала үйүнүн жанындагы каналга түшүп кеткен. Аны суудан алып чыгышкан, бирок Ош облустук ооруканасынан каза болуп калды.