14:11, 24 мая 2019, Бишкек - 24-kg.com
Экономика министри Олег Панкратов отставкага кетти. Бул маалыматты ал 24-kg.com маалымат агенттигине өзү тастыктады.
Олег Панкратовдун айтымында, анын дарегине карата акыркы кезде көп сын айтылып келет. «Жооп беришибиз керек», -деди ал.
Олег Панкратов экономика министри болуп 2018-жылы дайындалган. 2015-2017-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген.