14:15
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Ысык-Көлдө 2 бала эски муздаткычтын ичинде камалып калып, каза болду

Түп районуна караштуу Михайловка айылында 2 бала эски муздаткычтын ичинде камалып калып, каза болду. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Ысык-Көл ОИИББдан билдиришти.

Окуя 3-июнда болгон.

«6 жана 4 жаштагы балдар короодо ойноп жатышкан. Ата-энелери балдардын үнү чыкпай калганда, издеп башташкан. Балдар саат кечки 5те табылган, бирок бул убакта алар каза болуп калган. Муздаткыч ичинен ачылбай, аба жетпей жан беришкен», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар