Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөлөрү депутат Канат Исаевдин мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүү демилгесин жактырышты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.
Маалыматка ылайык, демилгени колдоп 50 депутат кол койду. Парламенттик 6 фракциянын лидерлери дагы кол коюшту.
19-июнда комиссиянын курамы бекитилип, алар Башкы прокуратурага мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата жемкорлук жана бийликти басып алуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу билдирүүнү жеткиришет.