Жыл башынан бери Кыргызстанда 33 киши сууга чөгүп каза болгон

13:52, 14 июня 2019, Бишкек - 24-kg.com

Жыл башынан бери Кыргызстанда 33 киши сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 4 киши Ысык-Көлгө чөккөн.

Былтыр республика боюнча 150 киши сууга чөккөн, алардын 29у Ысык-Көл облусунда катталган.

Учурда ӨКМ сууга түшкөнгө кооптуу делген көлмөлөргө атайын белгилерди орнотуп, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. ӨКМ жаш балдарды чоңдордун коштоосунда жана көзөмөлүндө гана сууга түшүүнү эскертет.