00:46
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Балыкчыда батут оодарылып калып жабыркаган 3 жашар наристе чарчап калды

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо Балыкчыда батут оодарылып калып жабыркаган 3 жашар наристе чарчап калды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, Балыкчыда катуу шамалдын айынан батут оодарылып калган. Окуя 9-июнда болгон. Анда 8 бала жаракат алып, экөө ооруканага жаткырылган. Анын бирөөсү баш мээсинен катуу жаракат алып, комада жаткан.

«Кыз улуттук борбордо 1 жумага жакын жатты. дарыгерлер колунан келгенин баарын жасашты, тилекке каршы кечээ саат кечки 9дар чамасында кыз өзүнө келбей каза болду», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар