Июндун аягында адвокат мурдагы президенттин кызынын саламаттыгына тынчсызданып жатканын билдирген. Анда өлкөнүн Юстиция министрлиги Каримованын камактагы шарттарга дооматы жок экенин билдирип, бирок анын оорусу тууралуу эч кандай кабар берген эмес.
2015-жылы августта Ташкент шаардык соту Каримованы «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо» жана «Пара талап кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. 2017-жылы атасы каза болгондон кийин ага каршы бир нече экономикалык кылмыштар боюнча дагы бир иш козголуп, 10 жылга соттолгон.