04:47
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Түштүк-Сахалинскте жоочуларды Сирияга жөнөтүп турган кыргызстандык кармалды

Түштүк-Сахалинскте жоочуларды жалдап Сирияга жөнөтүп турган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу «Сахалин-Курилы» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, шектүү Түштүк-Сахалинскке 2015-жылдын декабрында келген. Ал Өзбекстандык 2 жаранга Сирияга кирип кетүүгө жардам кылганы маалым болду.

Кыргызстандык жаранга тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катыштыгы бар жана аларга каржылык жактан колдоо көрсөткөн деген айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар