16:40, 02 августа 2019, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда пайдаланылбаган айдоо жерлердин аянты 63,3 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпы пайдаланылбаган айдоо жерлердин аянтынын үлүшү боюнча Нарын облусуна 20 пайыз, Таласка 18,2 пайыз, Жалал-Абадга 15,3 пайыз, Баткенге 15,1 пайыз, Ысык-Көлгө 11,5 пайыз, Ошко 9,2 пайыз, Чүй облусуна 7,7 пайыз туура келет.
Айдоо жерлерди пайдаланбоонун негизги себептери -катуу кайрак жерлер, сугаттын жоктугу, таштак, шор жана саздак жерлер, калктуу пункттардын кеңейиши жана башка.