15:05
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Атамбаевдин иши. Мурунку президенттин уулун суракка алып, кое беришти

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтекти эч ким кармаган жок. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов билдирди.

Айтымында, милиция Сейтек Атамбаевди суракка чакырган эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн Фейсбукта мурунку президенттин баласынын катышуусунда видео тараган. Сейтек Атамбаев атын жана туулган жылын айткан.

УКМК мындай маалыматтан кабары жок.

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдуколов 24-kg.com агенттигине видеодогу Алмазбек Атамбаевдин уулу экенин тастыктады. Айтымында, Сейтек Атамбаевди суракка алып, анан кое беришкен. Кайсыл иш боюнча сурак бергени тууралуу маалымат айтыла элек.

Эң көп окулган жаңылыктар