Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча поезд кыймылы калыбына келтирилди

10:56, 13 августа 2019, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек-Балыкчы каттамы боюнча поезд кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ААКдан билдиришти.

Эске салсак, кечээ Токмок шаарынын аймагынан вагондор рельстен чыгып кеткен.

Темир жолчулар оңдоо иштерин жүргүздү. Учурда тиешелүү комиссия окуяны иликтеп жатат.