05:28
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Кыргызстанда 1 миң 200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок

Кыргызстанда 1 миң 200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бузуулар тууралуу кодексте «Баланын туулгандыгын каттоо мөөнөтүн бузуу» беренеси бар. Ага ылайык, айып пулдун көлөмү 1 миң сомду түзөт.

Өкмөт ушул жылдын 31-декабрына чейин калкты документтештирүү боюнча улуттук кампания өткөрмөкчү. Анын алкагында балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, айып пулсуз берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар