11:16, 20 августа 2019, Бишкек - 24-kg.com
Соттун чечими менен мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун туугандарына ооруканадан зыярат кылууга уруксаат берилди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Сапар Исаковдун жакындары билдиришти.
Бирок, соттун чечими кечээ аткарылган эмес. Анткени УКМК аны менен көрүшүүгө келгендерди киргизген эмес.
Бүгүн УКМК уруксаат бергени, бирок убакытты чектеп 3 саатка гана жолугушуу боло турганы маалым болду.
Сапар Исаковду зыярат кылууга анын жубайы Малика Арстанбековага уруксаат беришти.
Эске салсак, 16-августта Сапар Исаковду Улуттук госпиталга жаткырышкан. Ага ЖЭБти модернизациялоо иши боюнча айып тагылып, буга чейин УКМКнын абагында кармалып жаткан.