17:23, 20 августа 2019, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда Каркыра капчыгайындагы жол 2020-жылы курулуп баштайт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Борбордук Азиядагы аймактык жолдорду жакшыртуу боюнча программа, Каркыра капчыгайындагы туристтик базага жакын жайгашкан Түп-Кеген жолун калыбына келтирүү ишин өзүнө камтыйт. Долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк каржылап, ага 27,5 миллион доллар насыя жана ушул суммадагы грант бөлгөн.
Учурда кол коюлган каржылык макулдашууну ратификациялоо процедурасына даярдыктар көрүлө баштады. Курулуш иштери 2020-жылы башталат. Жолду 2014-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.