Келээрки жылы баардык мектептерди компьютердик техника менен жабдуу пландалууда

15:06, 27 августа 2019, Бишкек - 24-kg.com

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылы баардык мектептерди компьютердик техника менен жабдууну пландап жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик жаңы долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк жана Евро Биримдик менен талкуулап жатат. Анын алкагында мектептерди 100 пайыз техника менен жабдуу каралган.

Учурда республиканын мектептеринде интернеттештирүү боюнча иштер аяктады. Түйүнгө 95 пайыз мектеп туташтырылды.