Маданият, маалымат жана туризм министрлиги китепканалардын базасына окутуу билим берүү борборлорунун концепциясын түзүүнү иштеп чыгат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине министр Азамат Жаманкулов билдирди.
Ал китепканаларды мектептерге берүү тууралуу айтууга эрте деди. Азырынча китепканалар өз функцияларын аткара беришет.
"Биз китепканалардын базасында окутуу борборлорун ачууну пландап жатабыз. Анда 3 багыт боюнча: чыгармачылык (музыка, кошумча билим берүү), IT-технология (робот техникалык ийримдер, программалоо) жана тил ийримдери боюнча иштешет. Учурда китепканалардын форматын өзгөртүү боюнча концепция иштеп чыгуудабыз, кийинки жылы пилоттук долбоорду ишке киргизебиз", -деди министр.