23:29
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды

Кыргызстандык Дарья Маслова Беларуста өткөн жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине машыктыруучу Виктор Борисов билдирди.

Мелдеш 29-августта Минскте өттү. Аялдар арасында 10 миң метрге чуркоо боюнча 9 спортчу катышты. Дарья Маслова аралыкты 32 минута 21 секундда чуркап өттү.

Эске салсак, июлда Дарья Маслова Беларус кубогунда жеңүүчү аталган.

Эң көп окулган жаңылыктар