16:38
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Фарид Ниязовдун жубайы жолдошу менен жолугуштурууну суранды

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун жубайы жолдошу менен жолугуштурууну суранды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине жактоочу Улан Индикеев билдирди.

Айтымында, жубайы ИИМ тергөөчүсүнө арыз жазды. Арыз азырынча карала элек.

«Фарид Ниязов № 1 тергөө абагындагы 12 орундуу камерада кармалууда. Ал кармалуу шарттарына жана бирге отурган жарандарга нааразычылыгын билдирген жок», -деди Улан Индикеев.

Ал билдиргендей, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук соту кабыл алган чечимди күчүндө калтырды. Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакта калат.

Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-май, шаршемби