09:32, 09 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте тез жардам унаасы менен жеңил унаа сүзүштү. Маалыматты 24-kg.com агенттигине Тез жардам медицина борборунан тастыкташты.
Кырсык бүгүн таң эрте тез жардам унаасы чакыруудан кайтып келе жатканда катталды.
Кырсыктын кесепетинен дарыгер жаракат алды, бирок ооруканага жатууга муктаж эмес.