Парламенттик комитет билим министрлигинин талапкерин жактырды

14:25, 10 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөлөрү билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Исаковдун талапкерлигин карашты.
Талкуунун жыйынтыгы менен алар Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырышты.
Эске салсак, 4-сентябрда мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева отставкага кеткен.