Каныбек Исаков билим жана илим министри болду

15:17, 11 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Каныбек Исаков билим жана илим министри болду. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүнкү

жыйында колдоду.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетин жетектеп келет.

Мурдакы министр Гүлмира Кудайбердиева Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерде окуу жылын баштаган мектепке байланыштуу ызы-чуудан кийин отставкага кеткен.