Каракол шаарындагы базарда үй жаныбарынын курттап кеткен өпкөдөн жасалган салат сатышкан. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.
Айтымында, шаардагы базарлардын биринен салат сатып алып, үйгө келгенде ал курттап кеткенин байкашкан.
«Салат өпкөдөн жасалган. Ал курттаганы көрүнүп турат. Балким, бул эхинококк болушу мүмкүн. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтан чара көрүүнү талап кылабыз», -дейт окурман.