Караколдун базарында курттап кеткен өпкөдөн жасалган салат сатышкан

14:19, 12 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Каракол шаарындагы базарда үй жаныбарынын курттап кеткен өпкөдөн жасалган салат сатышкан. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.

Айтымында, шаардагы базарлардын биринен салат сатып алып, үйгө келгенде ал курттап кеткенин байкашкан.

«Салат өпкөдөн жасалган. Ал курттаганы көрүнүп турат. Балким, бул эхинококк болушу мүмкүн. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтан чара көрүүнү талап кылабыз», -дейт окурман.