11:45
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Ак илбирсти сактайбыз» эл аралык марафонунда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

14-15-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган «Ак илбирсти сактайбыз» эл аралык марафонунда айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Эки күн бою эртең мененки саат 07:00дөн 18:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.

15-сентябрда Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Искак Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Масалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү;

Айтматов проспектисинин Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.

Эң көп окулган жаңылыктар