Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

17:16, 19 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Фото

Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жапониялык, мексикалык жана украиналык балбандарды жеңди. Ал 62 салмак ченинде ат салышкан.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 22-сентябрга чейин Нур-Султан шаарында уланат.