Боом капчыгайында таш кулады

16:08, 20 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Боом капчыгайында таш кулады. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 139-чакырымына таш түшкөн.

«Учурда жол кызматынын кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Унаалар үчүн жол ачык. Жабыркагандар жок», -деп айтылат маалыматта.