Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси. Ошто эл аралык театр фестивалы өтөт

09:36, 24 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн Ош шаарында Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата «Арт-Ордо» эл аралык VII театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Фото

Эл аралык театр фестивалынын катышуучулары кечээ Ош шаарына учуп келишкен.

Иш-чаранын алкагында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында, Бабур атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында, Кыргызстан кинотеатрында түрдүү спектаклдар коюлат.

Буга чейин Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси өзү туулуп өскөн мекени Ысык-Көлдө белгиленген болчу.