Президент Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир белек кылды

13:45, 25 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Президент Сооронбай Жээнбеков кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алган Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Фото

Анын айтымында, бүгүн мамлекет башчы спортчу менен жолугушту. Машыктыруучуга акчалай сыйлык берилди.

Эске салсак, Нур-Султан шаарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алган.