Айсулуу Тыныбекова жаңы батиринен апасы экөөнүн түшкөн сүрөтүн жарыялады

16:31, 25 сентября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсу балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жаңы үйүнөн апасы экөөнүн түшкөн сүрөтүн социалдык тармакка жайгаштырды.

Фото

Эске салсак, бүгүн спортчу президенттин колунан 3 бөлмөлүү батирди белекке алган.

Фото

Ал эми анын машыктыруучусуна акчалай сыйлык, ата-энесине президенттин энчилүү сааттары тапшырылган.

Кошумчалай кетсек, Нур-Султан шаарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алган.