Бүгүн Искендер Матраимовдун туулган күнү. Бир тууганы Райымбек эмне каалады

11:57, 09 октября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бүгүн туулган күнү. Ал 57 жашка толду.

Депутат 24-kg.com агенттигине кесиптештери жана бир тууганы Райымбек кантип куттуктагандарын айтып берди. Искендер Матраимов майрам болбой турганын баса белгиледи.

«Той берем деп пландаган жокмун. Биздин үй-бүлөдө мындай жөрөлгө колдонулбайт. Белек беришкен жок. Депутаттар телефон аркылуу куттукташып, ден соолук жана узун өмүр каалашты. Райым бир тууганым азыр эле телефон чалды. Ал эң башкысы- ден соолук каалады», -деди Искендер Матраимов.