Бакен Кыдыкеева атындыгы жаш көрүүчүлөр театры 30-театралдык сезонун ачты

14:32, 09 октября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз Мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындыгы жаш көрүүчүлөр театры 30-театралдык сезонун ачты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Сезон Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» спектакли менен ачылып, ага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, министрдин орун басары Кайрат Иманалиев жана чыгармачыл инсандар катышты.