«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этапын ишке ашыруунун алкагында Бишкектин дагы 44 кесилишине камера орнотулат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 306 жай аппараттык-программалык комплекс менен камтылмакчы. Анын 266сы стационардык, 40ы көчмө түрдө болот.
Бишкекте камералар Ибраимова-Фрунзе, Шопоков-Жумабек, Москва-Тоголок Молдо, Киев-Ибраимов, Киев-Абдрахманов, Жибек Жолу-Ибраимов жана башка кесилиштерге орнотулат.
Мындан тышкары камералар Ош — Баткен — Исфана, Суусамыр — Талас — Тараз, Ош — Сарыташ — Иркештам, Бишкек — Ош, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Балыкчи — Чолпон-Ата —Каракол унаа жолдоруна орнотулмакчы.