Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасынын борбордук кире беришинде таштанды салган челектер жок. Мундан улам, Лев Толстой көчөсү жакта таштандылар толуп калат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.
«Эл ооруканадан чыгып жерге таштандыны таштап салат. Бул жерди биз такай тазалап турабыз, бирок, көп өтпөй кайра эле баягы көрүнүш», -дейт окурман.