Жугуштуу оорулар ооруканасынын кире беришинде таштанды салган челектер жок

11:13, 14 октября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасынын борбордук кире беришинде таштанды салган челектер жок. Мундан улам, Лев Толстой көчөсү жакта таштандылар толуп калат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.

«Эл ооруканадан чыгып жерге таштандыны таштап салат. Бул жерди биз такай тазалап турабыз, бирок, көп өтпөй кайра эле баягы көрүнүш», -дейт окурман.