Керебет талашкан. Чет элдик студенттер арасындагы жаңжалдын себеби маалым болду

11:14, 15 октября 2019, Бишкек - 24-kg.com

Эл аралык медициналык университетте окуган чет элдик студенттер арасындагы жаңжалдын себеби маалым болду. Кечээ урушкан Пакистандык жарандар жатаканадан керебет талаша кетишкен. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине ЖОЖдон билдиришти.

«Окуянын күнөөкөрлөрүнө административдик чара көрүлөт. Урушка 30га жакын киши катышкан. Жатаканада 2 кабаттуу керебеттер бар, студенттердин бири астынкы кабатында жатууну каалаган эмес. Мындан улам уруш чыгып кеткен», -деп түшүндүрүштү окуу жайдан.

Эске салсак, Эл аралык медициналык университетинде студенттердин массалык мушташы болгон. Октябрь РИИБ бул боюнча түшүндүрмө бере элек.