03:26
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Чүйдө 9 кабаттуу үйдүн чатырынан секирүүгө камынып жаткан жаран куткарылды

Токмокто толугу менен салынып бүтө элек 9 кабаттуу үйдүн чатырынан секирүүгө камынып жаткан жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, операцияга 4 куткаруучу тартылды. Алар 45-50 жаштардагы кишини өз өмүрүнө кол салуудан сактап калып, аны ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Окуянын чоо-жайы толугу менен ачык айтыла элек.

Эң көп окулган жаңылыктар